(25 марта 2015) Азыр революция турсун, үйдө болуп жаткан бир окуя боюнча он түрдүү пикир айтылат эмеспи.
Биринчи президенттин бийликтен кулатылганына он жыл, экинчисине беш жыл болду. Чынында эл мүдөөсүнө жетүү үчүн көчөгө агылды, алар жаңы нерсени каалашкан. Ошентип, азыр мамлекеттик башкаруунун жаңы формасын таап, ошол жол менен бара жатабыз.
Элдин көбү парламенттик башкарууну жек көрүп, ар кандай пикир айтылууда. Бирок жаманбы-жакшыбы биз ошол система менен беш жыл жашап койдук. Революцияга кандай гана баа берилбесин, он беш жыл бийликте отурган президентти күч менен өлкөнүн сыртына чыгарып жибердик. Алгачкы жана кийинки президенттен эл абдан тажаган, аларды калыс башкарган жок деп, нааразы болушкан. Ошон үчүн Аксы окуясы, март окуясы жана апрель окуясы болуп жатпайбы.
Ошондон кийин бир жолго түштүк, эми чыдамдуулугубузду көрсөтүшүбүз керек. Буга чейин болуп өткөн окуялар биздин тарых болуп кала берет. Ким эмне деп сындаса, айта беришсин. Бирок биз эл катары өнүгүп, өсүп жатабыз. Коом өзгөрүүдө.
http://www.bbc.co.uk/