(2 декабря 2016) Студенттик хордун көркөм жетекчиси жана дирижеру «Билим берүүнүн мыктысы», «Маданияттын мыкты кызматкери» «Хор дирижерлугу» кафедрасынын башчысы, доцент Калдыбек Нурматов болду.
“Тарых жана маданият” жылынын алкагында жана СССР дин Эл артисти Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата Т. Сатылганов атындагы Улуттук Филармониянын кичи залында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искусство Университетинин студенттик хорунун концерти болуп өттү.
Концерттин башталышында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Маданият жана искусство Университетинин ректору, профессор Чотонов Мамашарип Мамытович сөз сүйлөп, быйылкы “Тарых жана маданият” жылынын алкагында университетте СССРдин эл артисти, балет чолпону Б.Бейшеналиеванын 90 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөндүгүн, 2017-жыл университеттин 50 жылдыгы белгиленерин баса белгилеп кетти..
Концерттик программада баш-аягы он беш чыгарма аткарылып, кыргыз, орус жана чет элдик авторлордун чыгармалары менен камтылды.КонцертСултан Юсуповдун “Жол ыры” аттуу жаштарга арналып жазылган шаңдуу ыры менен ачылды. Хорлор кыргыз, орус, латын, кытай тилдеринде аткарылды. Имре Кальман “Принцесса цирка” операттасынан Мистер Икстин Ариясын Эл аралык конкурстардын 4 жолку лауреаты, элибизидин музыкалык маданиятын дүйнө элдерине кеңири таанытып келе жаткан ырчы
Аксайбек Мукамбет уулунун аткаруусунда тыңдай алдык. Ж.Шералиевдин “Боогачынын ыры” чыгармасын жигиттерден түзүлгөн квартет, ал эми “Үкөйдүн ырын” кыздар хору ырдашты. Бул хорлордун дээрлик көпчүлүгүн ансамбль үчүн иштеп чыккан бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасындагы бирден — бир көрүнүктүү дирижер — хормейстрлердин бири, тажрыйбалуу мугалим, вокалдык-хордук музыкадагы эң жогорку кесипкөй специалист К.Нурматов.
Концерт элдин купулуна толду деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Концертке келген элдер чоң таасир алгандыгын билдиришти. Концертке К. Молдобасанов атындагы Улуттук Консерваториянын, И. Арабаев атындагы музыкалык факультеттин, Т. Эрматов атындагы музыкалык колледждин, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык училищанын ага окутуучулары жана студенттери, М. Абдраев атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалимдери жана окуучулары келишти.