Перейти к содержимому
РОО «Национально-культурная автономия кыргызов Республики Татарстан»

РОО «Национально-культурная автономия кыргызов Республики Татарстан»

Основное меню
  • Портал
  • Главная
  • Об организации
    • Руководство
    • Структура
    • Документы
    • Контакты
  • Новости
  • Медиа
    • Видео
    • Фото
  • Гостевая
  • Главная
  • Новости
  • Жокович 50-титулуна ээ болду

Жокович 50-титулуна ээ болду

admin 25.03.2015

(25 марта 2015) Новак Жокович Калифорниядагы “Би-Эн-Пи Парибас” мелдешинин финалында Роджер Федерерди жеңип, карьерасындагы элүүнчү титулуна ээ болду.

 Федерер бул мелдешти бешинчи жолу утуп алууну көздөп турган. Бирок дүйнөнүн биринчи ракеткасы саналган сербиялык Жокович кайрадан күчтүүлүгүн көрсөттү. Аялдардын финалында Симона Халеп Елена Янковичти жеңип чыкты.

“Ла-Лига”

“Барселона” түндөгү жеңишинен кийин атаандашы “Реал Мадридден” төрт упай алдыга оозуп кетти. “Ла-Лиганын” алкагындагы бул оюн 2-1 менен аяктады. Жереми Матьё жана Криштиану Роналду биринчи таймда эсепти тең-тең кылганы менен 56-мүнөттө Луис Суарес жеңиш алып келген голду киргизди. Суарес жети оюнда жети гол киргизди.

Премьер-лига

Англиянын премьер-лигасында болсо “ливерпулдук” Стивен Жеррард көпчүлүктүн көңүлүн калтырганы үчүн кечирим сурады. Ал “Манчестер Юнайтед” менен беттеш маалында Андер Эрреранын бутун тебелегени үчүн оюндан чыгарылган. 2-1 менен аяктаган мелдешти “Юнайтеддин” тренери карьерасындагы эң мыкты жеңиштердин бири деп атады. Эми “Ливерпуль” “Юнайтедден” беш упай артта калды.

http://www.bbc.co.uk/

Продолжить чтение

Назад: Март окуяларына он жыл
Далее: В Бишкеке пройдет IX Международная ярмарка образования за рубежом «EXPO 2015»

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

 


bn-of-rt bn-uslugi bn-ufms bn-anrussia bn-prch
 ДЛЯ СЛАБОВИДЯЩИХ
© РОО «Ассамблея народов Татарстана» Тел.: 8 (843) 237-97-99 E-mail: an-tatarstan@yandex.ru
ГБУ «Дом Дружбы народов Татарстана» Тел.: 8 (843) 237-97-90 E-mail: mk.ddn@tatar.ru
420107, г. Казань, ул. Павлюхина, д. 57